19 жаштагы кыз мас абалда уурдап качып баратып башка да унааларды сүзгөн

Бишкекте автоунаа уурдоого шектелген кыз "Манас" аэропортуна бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-мартта Бишкек шаарында автоунааны уурдап, бир катар унааларды сүзүп качкан адам тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бишкек – "Манас" аэропорту жолунун 6-чакырымында издөөдө жүргөн автоунаа аныкталган. Кызматкерлер унааны токтоткон учурда 19 жаштагы Э.С.Э., аттуу айдоочу кыз мас абалында экени аныкталган. Дарыгердин текшерүүсүнөн өткөн соң ал мас абалда экендиги тастыкталды.

Шектүү Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД