Инстаграм жок болсо Россграм. Орусияда Инстаграмдын аналогу ишке кирет

Интернет-маркетолог Александр Зобов 28-мартта "Россграм" деп аталган Instagramдын орусиялык аналогун ишке киргизүүнү убада кылууда. Ага катардагы колдонуучулар апрелдин ортосунан тарта кирүү мүмкүнчүлүгүн алат. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"2022-жылдын 28-мартында Android жана iOS үчүн тааныш мобилдик тиркемелери бар Instagramдын орусиялык аналогу ишке киргизилет. Жалпы колдонуучулар апрель айында кире алат", - деп айтылат маалыматта.

"Россграм" дагы колдонуучулар үчүн кошумча акча табуу инструменттерине ээ болот - мазмунга акы төлөнүүчү мүмкүнчүлүк, каражат чогултуу функциясы, реферал программасы, краудфандинг, жолдомо программасы жана башкалар. Социалдык тармак Instagramдан маалыматтарды өткөрүү функциясынын үстүндө да иштеп жатат. Аналог ачылганда алгач эң мыкты блогерлер, демөөрчүлөр жана инвесторлор гана кире алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД