Аялдар абагында соттолгон балалуу аялдар кантип жашашат? (фоторепортаж)

Степное айылындагы №2 аялдар абагында балалуу соттолгон аялдар кантип жашашат?

Бул тууралуу мекеменин жетекчинин орун басары и/к подполковниги М.Байсабаевдин атынан төмөндөгүлөрдү билдирди:

3 жашка чейинки балдары бар соттолгон аялдар абактын обочолонгон бөлүгүндө, башкача айтканда, башка соттолгондордон өзүнчө жашашат. Имарат жашоого ыңгайланыштырылып зарыл жашоо шарттары менен жабдылган.

Башкача айтканда:

- педиатрдын кабинети медициналык жабдуулары менен анын ичинде стол, отургуч жана таразасы бар;

- жатакана бөлмөсүндө: жыгач керебеттер, тумбочкалар, жыгач манеждер, буюмдарды сактоо үчүн шкафтар бар;

- оюн бөлмөсүндө: килем, жумшак эмерек, батут жана балдар үчүн ар кандай оюнчуктар бар.

- тамактануучу жайда: ашкана эмеректери, ысык жана муздак суу, стационардык меш, муздаткыч, тамак даярдоо жана тамактануу үчүн идиш-аяктар;

- душ бөлмөсүндө: ванна, балдарды жуунтуу үчүн жеке бассейндер жана ванна бөлмөсү;

- батыш тарабындагы короодо балдар аянтчасы (кумдук, селкинчек, жана ар кандай оюнчуктар) бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Эркиндигинен ажыратылып соттолгондорго бир күндүк пособиенин ченемдерин бекитүү жөнүндө" (2008-жылдын 8-февралындагы № 42) токтомуна ылайык, ошондой эле № 9 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 1993-жылдын 20-апрелиндеги буйругу (бир балага суткалык пособие"), боюнда бар соттолгондорго жана бала эмизген энелерге 5 "Б" өлчөмүндө кошумча тамак-аш берилет.

Ай сайын соттолгон аялдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык самын жана жуучу каражаттар да берилип турат.

Ошондой эле 2015-жылдын 22-декабрындагы КР Өкмөтүнүн №864- токтомунда ымыркайлар үчүн памперс сатып алуу каралбаганын белгилейбиз. Бирок, №2- мекеменин жетекчилиги жалаяк жана эң керектүү буюмдарды сатып алууга жардам бере турган камкор жарандар менен иш алып барууда. Учурда балдары менен өзүнчө бөлмөдө кармалып турган соттолгон аялдарга жашы жана өлчөмү боюнча бардык балдар үчүн чектелген сандагы жалаяктар берилет.

Ал эми соттолгон балдары бар аялдардын коопсуздугу сакталбай жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берели – бул имарат обочолонгон (тосмо бар) жана мекеменин административдик бөлүгүндө жайгашкан. Ал эми коопсуздукту камсыз кылуу жана башка соттолгондор тарабынан ар кандай кол салууга жол бербөө үчүн кызматкерлердин такай көзөмөлүндө жана күнү-түнү видеокөзөмөлдө турат.

И/к подполковниги М.Байсабаевдин айткандарын тастыктоо ирээтинде аялдар абагынын жашоочуларынын жаш балдары менен болгон күнүмдүк жашоосун чагылдырган фотосүрөттү тиркеп жатабыз. "Миң уккандан бир көргөн жакшы" дегендей!

Сүрөт ЖАКнын басма сөз кызматыныкы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД