Кызыл-Кыяда жоголуп кеткен кызды милиция таап, ата-энесине өткөрүп берди

Кызыл-Кыяда жоголуп кеткен кызды милиция таап, ата-энесине өткөрүп берди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын милиционери милициянын сержанты Садыров Эламан коомдук коопсуздукту сактап жүрүп, Кызыл-Кыя шаарындагы Асаналиев көчөсүндө жайланышкан "Таштемир-Ажы" базарында бүгүн 16-май күнү эрте менен саат 9дар чамасында 4-5 жаштагы жаш кыз жоголуп калганын байкаган.

Арадан 1-15 саат өткөндөн кийин Ош облусунун Ноокат районунун Салиева айылынын тургуну (кыздын апасы) милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кызын алып кетти.

Кызыл-Кыя шаарындагы "Таштемир-Ажы" борбордук базарына Ош облусунун Ноокат, Араван райондорунун жана Баткен облусунун Кадамжай районунун жергиликтүү тургундары барып күн сайын соода-сатык иштерин жүргүзүшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД