2025-жылы жер шарынын 14% чейинки калкы ковидден кийинки ооруларга чалдыгат

2025-жылы жер шарынын 14% чейинки калкы ковидден кийинки ооруларга чалдыгат. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Fractal Therapeutics америкалык компаниясынын изилдөөчүлөрү жүргүзгөн пандемиянын өнүгүшүн моделдештирүү ушундай жыйынтыктарды көрсөткөн.

Эл аралык оорулардын классификаторуна киргизилген бул оорунун 200гө чукул ар түрдүү белгилери бар жана кээде жаштардын жана дени сак адамдардын жашоосун кыйындатат. Көптөгөн бейтаптарда ковидден кийинки абал айлап, ал тургай жылдап созулат – ал эми дарыгерлер муну кантип дарылоо керектигин али так билишпейт.

Дүйнөдөгү окумуштуулар жапырт эмдөө аркылуу SARS-CoV-2 жуктуруунун кесепетинен өлүмгө учуроо жана ооруканага жатуу коркунучу кыйла кыскарганын билдиришүүдө.

Бирок беткап тагынбай коюуга али эрте: постковид жана лонгковид жаңы өнөкөт оорулар катары аталды, алар COVID-19дун курч фазасы бүткөндөн кийин дагы узак убакытка адамды кыйнайт.

АКШнын өкмөттүк отчеттуулук башкармалыгы постковидге калктын мурда бул вирус менен ооруп айыккан (бул болжол менен 23 миллион адам) кеминде 7% чалдыгышы ыктымал деп божомолдойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД