Бишкек шаардык соту "Кумтөрдөн" 261 млрд сом өндүрүп албоо чечимин чыгарды

Бишкек шаардык соту "Кумтөрдөн" 261 млрд сом өндүрүп албоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ соттук коллегиянын чечими жокко чыгарылып, жаңы чечим кабыл алынды.

Ошентип, С.А.А., К.Н.Д., Ж.А.Ж., К.К.С.нын "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка карата Кыргызстанда Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө калдыктарды сактоо боюнча аракеттерди мыйзамсыз деп таануу жана анын суммасын мамлекеттин пайдасына өндүрүү боюнча доо арызын канааттандыруусуз калтырылды.

Чечим КР Жогорку сотуна кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД