"Дордой" базарындагы өрттөн 42 соода түйүнү жана 9 күркө күйгөн

"Дордой" базарындагы өрттөн 42 металлдан жасалган соода түйүнү (контейнер) жан 9 күркө күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, павильондордо тез тамактар, шаурма жана суусундук сатылган.

Өрттүн жалпы аянты миң чарчы метрди түзөт.

Өрттүн кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД