"Кой-Таш" эс алуу борборунда 24 жаштагы жигит Аламүдүн суусуна агып кетти

Аламүдүн суусунан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы "Кой-Таш" эс алуу борборунда 1998-жылы туулган М.А. аттуу жигит Аламүдүн суусуна агып кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жигиттин сөөгүн суудан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД