ИИМдин Ички аскерлери жаңы запастагы офицерлер менен толукталды

ИИМдин Ички аскерлери жаңы запастагы офицерлер менен толукталды. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери тарабынан 10-майдан 10-июнга чейин жыйын өткөрүлүп, запастагы офицерлер даярдалган. Анда жогорку билими бар жоокерлер тактикалык, ок атуу, физикалык, саптык, инженердик даярдык жана жалпы аскердик уставдарын, мыйзамдарын окушкан. Анын жыйынтыгы менен алар негизги алты сабактан экзамен тапшырып, анда канаттандыраарлык жана андан жогору көрсөткүчкө ээ болгондорго офицердик наамдар ыйгарылган.

Бүгүн, 11-июнда аталган офицерлерге наам тапшыруу аземи болуп өттү. Аларга сертификаттарды Ички аскерлердин колбашчысынын орун басары Кумарбек Калматаев тапшырып, ийгиликтерди каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД