Борбор калаада 7 ай ичинде мас абалда унаа башкарган 1739 айдоочу кармалган

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында 2022-жылдын 7 айын жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кеңешмеге Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков жана орун басарлары ошондой эле рота саркерлери жана бөлүм башчылары катышып, төмөнкү маселелер каралды.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 7 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 191 375 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 89 928 290 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 1206 ;

-Мас абалында авто унаа башкаруу 1739;

- Авто ээнбаштык 34;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 407;

-Жасалма номур менен авто унаа башкаруу 42

-Коопсуз курун тагынбай авто унаа башкаруу 44 792;

-Токтоо эрежелерин бузуу. Тыю салынган жерлерде авто унааларды токтотуу 103 156;

-Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу 14 415 ;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 25 584;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 14 599 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Бул түзүлгөн протоколдор үчүн, жалпысынан бүгүнкү күндө 89мл. 928миң 290 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Ошондой эле 7 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 35 881 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген. Алардын ичинен;

-Жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар 11095;

-"Коломто" муниципалдык жайына жеткирилгендер 529;

-Тилемчилик 147.

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да аныкталган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД