Айсулуу Тыныбекова Польшада алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова "Poland Open" эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынды. Күрөш боюнча кыз-келиндер арасында мелдеш ушу тапта Польшанын борбору Варшавада өтүп жатат.

Мелдештин алгачкы күнүндө Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жалпы үч беттеш өткөрдү.

Чейрек финалда Тыныбекова орусиялык Любовь Овчарованы туше менен жеңил алды. Жарым финалда кыргыз спортчусу дагы бир орусиялык балбан кыз Светлана Липатова менен беттешип, 3:1 эсеби менен жеңишке жетип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Айсулуу канадалык Анна Паула Годинез Гонзалезди 7:1 эсеби менен утуп, чемпион болду.

Айсулуу азыркы тапта дүйнө чемпиону. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы чемпионатта ээ болгон жана Токио жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган. Азиянын төрт жолку чемпиону.

8-июнда башталган "Poland Open" эл аралык мелдеши 13-июнда жыйынтыкталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД