COVID-19: Соңку суткада 7 адам каза болуп, 526 адамдан илдет табылды

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги соңку суткада коронавирустан 7 адам каза болуп, 526 кишиден илдет табылганын кабарлады.

Бир сутка ичинде Бишкекте- 6 адам, Чүй облусунда - 1 адам COVID-19 илдетинин курмандыгы болду.

Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1876га жетти.

Ошондой эле соңку суткада 526 кишиден илдет табылып, 303 киши сакайды.

Пандемия башталгандан бери 109 миң 193 кыргызстандык коронавируска чалдыгып, анын ичинен 102 миң 18 адам сакайды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД