Чек ара чатагы. "Мирзиёевдин тынчтык орнотуучу катары кадыры өсүүдө"

Бир караганда, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалынан кийин дароо Тажикстанга жасаган сапары коңшу өлкөнүн иш-аракеттерин колдоо катары кабылданууда. Бирок, иш сапардын жүрүшүндө кол коюлган келишимдердин маңызын изилдеп көрүп, багытын так түшүнсө болот. Мындай пикирин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев VB.KG`ге билдирди.

"Бардык кол коюлган келишимдер экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган, бул биринчи кезекте тынчтык орнотуу процесстерине таасир этет. Чек арадагы өз ара конструктивдүү эмес дооматтардын фонунда тажик-өзбек мамилелери конструктивдүү багытта жана толук өз ара түшүнүшүүдө өнүгүүдө.

Шавкат Мирамоновичтин эл аралык деңгээлдеги акылдуу саясаты Борбор Азия элдеринин чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечүүгө үмүтүн көбөйтүүдө. Айрыкча, бул Кыргызстан жана Тажикстан үчүн маанилүү.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстанда жарыша куралдануу жүрүп жатат. Эки тараптан тең, "шумкарлар" интернетте улуттар аралык араздашууну козутууда. Орусия жана Казакстан жаңжалдашып жаткан тараптарга марттык менен ар кандай куралдарды жөнөтүүдө. Түркия Азербайжан-Армения аскердик кагылышуусунда өзүн көргөзгөн BT2лерди (Байрактар) Кыргызстанга жеткирүүгө ниеттенүүдө. Бул окуялардын фонунда Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин тынчтык орнотуучу катары ролу күн санап өсүүдө", - дейт саясат талдоочу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД