Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгуу жөнүндө протоколго кол коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштин алкагында Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен ушул жылдын 19-сентябрында кечке маал жолугушкан.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында эки өлкөнүн ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын согуштук аракеттерди толук токтотууну, аскерлерди жана согуштук техниканы туруктуу жайгаштыруу жерлерине алып чыгууну, чек ара заставаларын жана комендатураларды биргелешип текшерүүнү, үстүбүздөгү жылдын 14-16-сентябрында болгон окуяны кылдаттык менен териштирүүнү камсыз кылуу жана чек ара аймактарындагы куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Протоколго кыргыз тараптан Камчыбек Ташиев, тажик тараптан Саймумин Ятимов кол койду.

"Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД