Улут наркы – улуу тил. ЖАКда Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү

Улут наркы – улуу тил. Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш чараны уюштуруунун дагы бир негизги максаты өздүк курамды патриоттуулукка үндөө, рухий, маданий дүйнөбүздү байытуу, адамдык асыл сапаттарга тарбиялоо болду.

Тил улуттун башкы байлыгы, элди эл кылган анын тили, дүйнөдөгү эң чоң эпос Манас эпосу айтылган тил, бул күндү белгилебей коюу – бул эне тилге карата кайдыгерлик болуп эсептелмек.

Мамлекеттик тил күнү бир гана борбордук аппаратта эмес, баардык бөлүкчөлөрдө өткөрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД