Эрегишпей, штраф салып бошотсо, Атамбаевдин аброю өсөт. Болбосо…

3-октябрдагы, арты тополоңго айланып, камакка алуулар менен аяктаган оппозициянын "тынчтык" митингисинен бери бир жумадан ашык убакыт өттү.

"Камчыбек Ташиевди бошоткула" деп Жалал-Абаддан башталган нааразычылык акциялары, "Садыр Жапаровду бошоткула" болуп Түп районунда митингдер менен коштолуп, оппозициялык лагердин колдоочулары күн санап арбып баратканы байкалууда.

Алмазбек Атамбаевге жолугабыз деп, Жалал-Абаддан келген 18 баатыр энени президенттин аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Данияр Нарымбаев кабыл алып, президент кабыл албай койгон экен, акжоолукчан байбичелер "А.Атамбаев кабыл алмайынча кетпейбиз" деп, бир нече күндөн бери Акүйдүн алдындагы көк майсаңда отурушат. 10-октябрдагы оппозициянын митингисинде аларга Садыр Жапаровдун энеси баштаган Ысык-Көлдүк жоон топ байбичелер келип кошулду. Алардын баштарында да ак жоолук.

Камактагы, оппозиционерлерди бошотуу талабы менен жүрүп жаткан митингдерде, алардын тууган уруктары, партиялаштары гана катышпастан, ар кандай коомдук уюмдар, түрдүү саясый күчтөр кошулуп колдоого ала баштады. Азыркы бийликтин кылып жаткан иштерине ичи чыкпай жаткандар, алардын айынан кызматынан ажырап же жоопко тартылып аткандар, Апрель революциясына катышып, дивиденд, кызмат алалбай, сыртта калгандар, тополоңсуз тура албаган кесипкөй митингичилер, трайбализмди, регионализмди туу туткан интриган саясатчылар, "дагы бир шанс болоор бекен" деп үмүттөнүп жүргөн мародерлор, жээрге наны жок кыжыры келип аткан жумушсуздар, "зевакалар" ж.б.у.с. көптөгөн топтор кулактарын түрүп, обдулуп турат. Кырдаал күн өткөн сайын татаалдашып, бийликтин үстүндө кара булут үйүлө баштагандай элес берүүдө.

Башында, "өзүңүздөр көрдүңүздөр го, өзүлөрүнө өзүлөрү кылышпадыбы, мыйзамды бузушту да, эми мыйзам чегинде жооп беришсин да" деп, алакан жайып , "колго түшкөн коёнду, койо берген оңобу" дегенсип кудуңдап жаткан бийлик башындагылар, кырдаал оорлогон сайын, күлкүлөрү өчүп, сумсайып, убайым чеге баштады. Атамбаев жокто ашыра иш кылдык деп дүкүлдөп жаткан укук коргоо органдарынын жетекчилери да, кылгандары "президентке медвежья услуга" болуп чыгып атканын сезип, маанайлары пас. Өңдөрүнөн "бул ызы-чуунун арты эмне менен бүтөөр экен, жеке тагдырым кандай болот?" деген санаркоолор ачык байкалып турат.

Жогорку Кеңештин депутаттары гана бул чуулгандуу өнөктүккө баш ооруткусу келбегендей, ички көр тирлиги, структура өзгөртүү, кызмат бөлүшүү менен алектенип, активдүү кийлигишүүсү байкалбайт. Мындай жагдай, Садыр Жапаровдун ошол 3-октябрдагы митингден келип, ЖКнын трибунасынан сөз сүйлөгөн учурунда "кызуу болчу, анан жалпы депутаттардын жинине тийип, ар-намыска шек келтирүүчү сөздөрдү айтты" деп нааразы болушканынан, Камчыбек Ташиевди "кызуу кандуулукка алдырып, депутат деген наамга сай келбей турган, чектен чыккан жорук жасап, өзү да уят болду, жалпы депутаттык корпусту уят кылды, ЖКнын ансыз да төмөндөп бараткан аброюн ого бетер түшүрдү" деп нааразы болушкандарынан улам болуп, көпчүлүк депутаттар, ЖК жалпы жонунан ошонун айынан инертүү болуп, "бошотулсун" дегенге 20 депутат гана кол коюп отургандай. Бирок сырттагы абал курчуган сайын, алар айласыз бул "водоворотко" кирип кетээри шексиз.

Ошентип, депутаттардын камалышынан келип чыккан нааразычылыктардын толкуну өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуп, өтө кооптуу кырдалды жаратчудай болуп турат. Бийлик да, "койо берсем коркуп кетти" дешет, "камакта кармоону уланта берсем ахывал оорлогондон оорлоп баратат" деп, айласы куруп, эмне кылаарын билбей кыйнала баштады. Нааразычылыктарга катышып аткандар тетирисинче "чыгарбаска айласы жок, баары бир чыгарат, чыгарабыз (!)" дешип, ишенимдери артып баратканы байкалат.

Коом ичинде Камчыбек Ташиевдин камалышы, ага коюлган оор айыптар кызуу талкууга алынууда. Бул маселеге кайрылып, оюн билдиргендердин дээрлик көпчүлүгү, укук коргоо органдарынын аша чаап кеткендигин, кылмыш жаза кодексинин 295 беренесин колдонуу негизсиз экендигин, бийликтин мындай кадамы, кырдаалды курчутуп, өзүлөрүнүн башына "муш" болоорун гана айтышууда.

Чындыгында эле, окуяга реалду баа бере турган болсок, Камчыбек Ташиев депутаттык статуска дал келбей турган, чектен чыккан жосунсуз жорук жасады. Анын, "кеттик" деп айгай салып барып, темир дубалга жармашканын теледен көргөндөр аргасыз жылмайып, "ушундай кантип болсун" деп, ооздору ачылып эле калды. Жактырышкан жок. Ошол эле учурда, бийликтин кадамын да аша чапкандык катары баалап жатышат.

Бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасоо деген айыптоолор тууралу айта турган болсок, 3-октябрдагы митингдин видео жазуусунда ал беренеге дал келе турган сөздөр айтылганы чындык. Б.а. далил бар. Бирок жакынкы кыргыз тарыхына кайрыла турган болсок, акыркы жыйырма жылдагы митингдердин дээрлик баардыгында "бийликти талкалайбыз, жоготобуз, алып түшөбүз, кууп чыгабыз" деген сыяктуу сөздөр байма- бай айтылып, кызуу кандуулук менен эле ооз көптүрүп айтып жаткандай болуп, ал үчүн бирөөнү жоопко тартуу практикасы жок, көнүмүшкө айланып калганы да бар.

Ошону менен бирге эле Ташиевдин акүйдүн темир дубалынан аттап өтүүсүн да элибиз Генпрокурор Аида Салянова айткандай, "бийликти басып алууга карата жасалган аракет" катары баалап, макул болоор түрлөрү байкалбайт. "Ашепке, кызуу кандуулукка алдырып, өзү эле уят болду, басып алайын деген эмес, басып да ала алмак эмес" дешип, укук коргоо органдарын "араактан берээк" болууга чакырып сынга алышууда.

Мындай пикирлерди негизсиз дегенге да болбойт. Ташиев митингеде "аткаруу бийлигин алабыз" деген. Анан ал, Эски аянтка барып өкмөт үйүнө басып кирсе, же, президенттикти басып алгысы келсе Ак үйдүн чыгыш жагындагы дарбазага асылса, ошондо "бийликти басып алууга аракет жасады" дешсе болмок. А Ташиев ЖК жагынан келип асылды. Б.а. анын аракети, ачкычын жоготкон мас адам, өз үйүнө кире албай дубалдан аттап жаткандай эле иш болду. Бул жерде Ташиевдин бийликти басып алайын деген ою болбогону анык. Андай планы болгон эмес, басып да ала алмак эмес десек жаңылышпайбыз.

Элестетип көрүңүз, ошентип ЖКга жулунуп кирип берки, "атажуртчулардан" башка төрт фракцияны кууп чыгып, эң жогорку бийлик башындагы үч креслонун бири болгон спикерликке отура алат беле? Кууй алмак эмес. Башка фракциядагы коллегалары Камчыкеңдин бетине суу бүркүп, аластап, эсине келтирип коймок да, ошону менен иш бүтмөк. Ага да токтобосо ошол жерден какыс-кукус кылып өзүн кууп чыкчулар табылбайт беле? Четтен чыкмак.

Андыктан бул жөн эле, элди көрүп эсиркеп кетип, акыркы кездеги төмөндөп кеткен рейтингин көтөрүү максатында аракетенем деп атып, чектен чыккан жорук, хулигандыкка эле туура келе турган окуяга кириптер болду.

Эми, бийлик деле "ушундан пайдаланып, коркутуп-үркүтүп, кадыр-баркымды көтөрүп алайын" деп далбастаганын эртерээк токтотуп, эсине келип маселени бир жаңсыл кылбаса, күндөн-күнгө кооптуу болуп бараткан жагдайдын азабын тартаары ачык байкалууда. Эрегише бербей, "коомдук тартипти бузуу, хулиганчылык" беренелери менен жоопко тартып, штраф салып туруп бошотуп жиберсе эл деле, "ии, эси бар тура " деп ыраазы болуп, Атамбаевдин аброю көтөрүлө түшкөнү турат. Болбосо…


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД