К.Мамбеталиев «Улуттар Биримдиги» партиясынын түндүк аймак боюнча координатору

Кубан Мамбеталиев «Улуттар Биримдиги» партиясынын Бишкек жана түндүк региондору боюнча координатору болду.

16-ноябрда Ош шаарынын мэрии Мелис Мырзакматов Бишкекте «Улуттар Биримдиги» партиясынын колдоочулары менен жолугушту. Кубан Мамбеталиев, Жаныш Рустанбеков, Сабыр Муканбетов баштаган, бир топ адамдар партиянын катарына кошулуп, Бишкек жана республиканын түндүк тарабы боюнча иш алып баруучу партиялык ячейка ачуу чечими кабыл алынды.

Белгилүү коомдук ишмер, КРнын улуу британиядагы мурунку элчиси, илимдин доктору Кубан Мамбеталиев «Улуттар Биримдиги» партиясынын саясий кеңешине кабыл алынып, партиянын Бишкек жана түндүк региондору боюнча координатору болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД