Өпкөлөрү «кара казандай» болгон Таластыктар Атамбаевге катуу кекенип турушат

Курманбек Бакиевдин кандуу режимине каршы элдик көтөрүлүш 6-апрелде Талас жергесинен башталып, шаштысы кеткен бийлик ошол күнү кечтен баштап, Бишкектеги оппозиция лидерлерин камакка алып (азыркы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо) бакиевдердин мындай акмакчылыгы ансыз да араң чыдап турган элди жарып жиберген. 7-апрелде Бишкек түп көтөрүлүп, жексур бийликти кулатып, Роза Отунбаева башында турган Убактылуу Өкмөт (УӨ) келгени белгилүү.

Ансыз да, «апрель элдик көтөрүлүшү Таластан башталган» дешип, эрдемсип, «духу» көтөрүлүп турган Таластык туугандардын апчеси бийликке келип, бир далай таластын тыңчыкмалары бийлик башынан орун алды. Министерстлик, ведомстволордо жердешчилик күч алып, мен таластыкмын дегендердин багы жанды. ИИМде мен Таластыкмын дегендин баары жетекчилик кызматка көтөрүлүп, бир эле күндө жыйырмадан ашыгына полковник чини ыйгарылып, арты регионализм, тууганчылык өөрчүп баратат деген ызы-чууга айланганы белгилүү.

Эжеке өзү да жердешчил экенин көргөзүп, алдынан чыккан, «мен таластыкмын» дегендерди колдоп турду. Ашкере тууганчылыкка да берилип кетип жатты. Кандай неме кеңеш берип, кайсы шайтан сайганын ким билсин, айтор «кайып каскагынан келип ок тийген» көптүн бирин «баатыр» деп, төшүнө «Ак шумкар» такканы Кудайга да, арбакка да, элге да жаккан жок. Кезинде, Бакиевдердин курултайына атасы экөө биригип барып, «оту менен кирип, күлү менен чыккан» немесин бүгүн деле эчким баатыр катары санабай, аргасыз жылмайышканы байкалат.

Ошентип УӨнүн да мөөнөтү бүттү. Президенттик шайлоо болуп Алмазбек Атамбаев такка конду. Апчесинин аркасы менен бийликтин даамын татып калган таластык атка минерлер Ө.Бабанов, Р.Отунбаева, З.Рысалиев, Р.Казакбаев, Б.Таабалдиев, Ю.Тойчубеков, Р.Момбеков, Алимбай Султанов ж.б. «Алмазбек Атамбаев өзүбүздүн бала, түбү таластык, кытай уруусунан болот» дешип, үймө-үй кыдырышып, шайлоодо жакшы эле колдоо көрсөтүштү. Ө.Суваналиевдин (Катани) «ой, жердештер токтогулачы, мына мен кытай уруусунан болом, биздин урууда А.Атамбаев деген тууган жок. Элди алдабасаңарчы», дегенин, «эптеп кайрадан бийликтин бир бутагына илинип алалы» деп жандалбастап жаткандар уккусу да келген жок.

«Той да болот, тойдун эртеси да болот» дегендей, эшеги ылайдан өтүп, президент болуп шайланып алган А.Атамбаев таластык кытай эместигин, Чүйлүк да эмес экенин, Кокондон келген ичкилик экенин өз оозу менен айтып, Таластыктар турмак Чүйлүктөрдүн да жүрөгүнө суу сепкендей иш кылды.

Өткөндө, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кызматтан алынганда, таластык туугандар катуу дүрбөп, «Байсуу» ресторанына 300дөй мыктылар чогулуп, комитет куруп, «бүттү эми баштайбыз, токтобойбуз, көргөзөбүз» дешип, күпүлдөшүп, кой ай дегенине койбой Бабырбек Жээнбековду (Бабыр мырза «ишене албай турам» десе, түнү менен, бир жолу үйүнөн, бир жолу БЧКнын жанына З.Рысалиевди ээрчитип келип, беттештирип, касам ичишип, «до конца турам» деген убадасын алышып) төрага шайлап, катуу күпүлдөй башташты.

Анан эмне болду? Таластыктардын дымагы эки күнгө да жеткен жок. «Ишенген төөсү кепшегени курусун» болуп, З.Рысалиев «Ак талаага» учасковый болсом да, ажоого иштеп берем» деп, баса берди. Жаңыдан от алып, «эми дүрбөйбүз» деп турган «ала көөдөн» туугандарыбыз кыйын абалда калды. Ооздоруна талкан сугунуп алгансып, эмне дешти билбей, жаман мыш болушту. Байкуштар.

Бүгүнкү күндө, кезинде, бийликтин төрүндө чалчактаган Таластык туугандардын көбүнүн буту үзөңгүдөн тайып, (бийликтен сүрүлгөнү да, сүрүлө элеги да), Р.Отунбаева, Ө.Бабанов, Р.Казакбаев, З.Рысалиев, Д.Сарыгулов, ата бала Жээнбековдор, Б.Шер, бир тууган Жумабековдор, И.Айдаралиев, Р.Акназарова сыяктуу таластын дагы бир далай тыңчыкмалары А.Атамбаев менен мамилелери начарлап, нааразы болуп, өпкөлөрү кара казандай болуп, ыгы келсе «ажоонун акесин таанытабыз» деп кекенип турган чагы.

Ошентип, айласы куруп, бийликке нааразы болуп жаткан таластыктар, арасында ажого ачык каршы чыгып, жол баштаар «эркечи» жок каржалып калышкандай. Ким билет (?), балким Катанини алдыга салышса иштери оңдой берди болот беле? Анткени, кандай деген күндө да Ө.Суваналиевден башка бир да Таластык президентке ачык каршы чыгып, сынга алган жери жок да.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД