Темир Сариев: Мыйзам коррупция жаатында иликтөө жүргүзүүнүн ыкмаларын карабайт

"Кыргызстандын мыйзамы коррупция жаатында иликтөө жүргүзүүнүн ыкмаларын карабайт ", - деп билдирди бүгүн, 16-апрелде, координациялык жыйында экономика министри Темир Сариев.

Анын айтымында, азыр бизде коррупцияга каршы мыйзамдардын базалык негиздери гана иштелип чыккан. Коррупцияга каршы экспертиза институтун бекемдөө, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну жакшыртуу, коомдук көзөмөл механизмдерин өнүктүрүү жаатындагы маселелерди жаңыдан түптөө керек.

"Коррупцияга каршы кылмыштарды иликтөө базасы жана уюшкан кылмыштуулукка каршы оптималдуу система менен мыйзамдык актылар таптакыр жок. Кылмыш-процессуалдык кодекси коррупция тармагындагы кылмыштар менен кылмыштардын баардык түрүн иликтөөнү бирдей эле калыпка салып койгон ",- дейт Сариев.

Ал так укуктук инфраструктура болбосо мамлекет коррупциялашкан чиновниктерге шарт түзөөрүн кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД