В загсах Кыргызстана молодоженов будут женить стихами

Государственная регистрационная служба для придания торжественности церемонии бракосочетания утвердила новый подход к регистрации браков. Об этом "ВБ" сообщил руководитель пресс-службы ведомства Мелис Эржигитов.

Так, согласно новшествам, с 10 мая регистрация бракосочетания будет проходить в более торжественной обстановке.

Эржигитов пояснил, что такие меры позволят укрепить брачные союзы.

"До сих пор при регистрации молодоженов не было творческого подхода. У них просто спрашивали, согласны или нет, те отвечали - да, и их расписывали. Сейчас предлагается совсем иной подход. Работники загса зачитают стихи, где говорится о важности семейных уз. А эти слова останутся в сердцах многих молодоженов, которые они всегда будут помнить. Будут чувствовать значимость и важность их решения о вступлении в брак. Мы верим, что новшество пойдет во благо и браки будут заключаться раз и навсегда", - заметил Эржигитов.

Новый текст и стихи для церемонии бракосочетания будут произносить на двух языках - на государственном и официальном.

Арыбаңыздар атпай, журтум кыргызым!

Кутмандуу кечиңиздер менен урматтуу меймандар!

Саламатсыздарбы, кымбаттуу күйөө жана колукту!

Ак никенин салтанаттуу аземин,

Ак пейилден баштоо менин сунушум,

Ай көл Манас урпактары ар дайым,

Ак өргөөдөн улап келген турмушун.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын атынан бүгүн (дата, Ф.И.О) никесин салтанаттуу каттоо аземин өткөрүү мага ыйгарылган.

Урматуу эки жаш

Ак никени салтанаттуу бул каттоо

Ак сүйүүнү жамандыктан аластоо,

Аскар тоодой алдыңарда зор милдет,

Ата-Журттун ыйык жүгүн аркалоо!!

Ошондон улам, никени салтанаттуу каттоо аземинин алдында атайын сиздерге суроом бар…

Ар убакта адал болуп сүйүүгө

Макулсузбу бирге өмүр сүрүүгө?

Күйөө, сиздин жообуңуз – Ооба / жок

Колукту, сиздин жообуңуз – Ооба / жок

Адал жашап, айкын турмуш курууга,

Макулсузбу ак никеге турууга?

Күйөө, сиздин жообуңуз – Ооба / жок

Колукту, сиздин жообуңуз – Ооба / жок

Анда эмесе урматтуу эки жаш, өмүрлүк жар болушуңарды аныктап, бакыт баракчасына өз кол тамгаңызды жазып койуңуздар.

Урматтуу күбөлөр, сиздер дагы келип өз кол тамгаңыздарды жазып койуңуздар.

Жаңы турмуш көшөгөсүн ачкыла

Ээ болгула, эч кемибес бактыга!

Шааниси ушул, мааниси ушул никенин

Арнап келген шакектерин таккыла!

Нике шакектериңиздерди алмашып тагышып койуңуздар.

Жерди жарып чыккан суу

Адам затты баккан суу

Өмүр улап оркуштап

Өзөндөрдөн аккан суу.

Туз насиби түбөлүккө биригип

Эки түгөй тең бөлүшүп таткан суу!

Кыргыз элибиздин наркын улап, өмүр суусун тең бөлүшүп таткыла!

Аруу болсун дилиңер

Ачык турсун күнүңөр

Адал болсун ак болсун

Арзып тапкан сүйүүңөр!

Эмесе ардактуу ата энелердин алдында, калайык калктын алдында өз ыктыярыңыздар менен макул тапкан никелешүүңүздөр бүгүн (дата) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөөлүк мыйзамынын негизинде каттоодон өттү!

Ушул күндөн баштап мен сиздерди жаш жубайлар деп жарыя кылам!

Сиздерди чын дилимден куттуктоо менен бирге, үй-бүлөңүздөрдүн алгачкы документи болгон нике күбөлүгүн тапшырып койоюн, бул күбөлүк сиздердин өмүрүңүздөрдө биричи жана жалгыз күбөлүк болсун!

Урматтуу меймандар, сиздердин алдыңыздарда дагы бир жаш үй-бүлөө пайда болду, бул – (Ф.И.О) үй-бүлөөсү.

Кымбаттуу той ээлери, сиздердин өмүрүңүздө унутулгус окуя балдарыңыздардын баш кошкон күнү менен куттуктайбыз!

Урматуу кайын-эне, арнап жүргөн ак жоолугуңузду келиниңиздин башына салып койууга толук мыйзамдуусуз!

Баяналуу жаңы үй-бүлөө жаралды

Баалагыла ушул ыйык саамды

Түгөйсүңөр эми силер түбөлүк!

Көшөгөңөр көгөрүшүн каалайлы!

Жакшылыктар жанашсын

Жамандыктар адашсын

Тукуму өссүн кыргыздын,

Тукуму өссүн Манастын!

Также ГРС подготовила новые эскизы для формы работников загса.

Текст для церемонии поздравления на русском языке можно посмотреть здесь.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

Прикрепленные файлы


НАВЕРХ  
НАЗАД