Жасалма документ менен ЖЭБден түтүк алып чыгууну көздөгөн жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 7-мартында ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө КР жараны, 1995-ж.т. Давлатбек уулу Ильяз КР УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жасалма күбөлүгүн колдонуп, Бишкек ЖЭБдин кампасынан металл түтүктөрдү алып кетүүнү көздөп жаткан жеринен кармалган.

Бул факты Жазык кодексиндеги 200-беренедеги (Уурдоо) кылмыштын белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми шектүү жаран Чүй ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул жөнүндө КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМКнын маалыматы боюнча, аталган жасалма күбөлүк толугу менен (аты-жөнү, кызматы, мөөнөтү, мөөр, жетекчинин колу) ушул жылдын 20-февралында кармалган Нурбек Мураталиевден алынган күбөлүккө окшош.

Мураталиев Нурбек Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Талас облусу боюнча региондук №3 бөлүмүнүн жол тейлөө башкармалыгынын каржылык-чарба иштерин мыйзамсыз текшерүүнү көздөп жаткан.

КР УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аталган адамдардан зыян тарткан, ошондой эле негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзгөн шектүү адамдарды көргөн бардык жарандарды (0312) 66-04-75 номуру аркылуу нөөмөт кызматына, же күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууну суранат.

Чүй облусу: (0312) 54-07 19:

Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

Ош облусу: (03222) 2-30-78;

Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;

Талас облусу: (03422) 5-20-43;

Нарын облусу: (03522) 5-08-49;

Баткен облусу: (03622) 5-00-33.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД