Дем алыш күндөрү Кыргызстанда төрт адам сууга чөгүп кеткен

Кыргызстанда дем алыш кңндөрү төрт адам сууга чөгүп кеткен, анын ичинде 15 жаштагы кыздын денеси дагы эле табылбай жатат. Бул жөнүндө КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

15-июнда саат 16.00. чамасында сууга түшүүнү калаган эки жигит, 1999-жылы туулган А.Б. жана 1997-жылы туулган С.у.Н. Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычындагы сууга чөгүп кеткен. Аларды издөөгө 38 куткаруучу чакырылган, бирок, 16-июнда саат 7:35. чамасында гана табууга мүмкүн болуп, жарандардын денеси милицияга өткөрүлүп берилген.

Ушул эле күнү Кемин районунун Красный Октябрь айылындагы каналга 1986-жылы туулган Чүй облусунун жараны чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин саат 7.57. чамасында таап, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.

16-июнда Үч-Коргон айыл округунда 2004-жылы туулган Д.З. атту кыз Нарын дарыясына чөгүп кеткен. Аны издөөгө 12 куткаруучу, 3 милиция кызматкери жана 15 туугандары катышууда. Азырынча анын денесин табуу мүмкүн болбой жатат, бүгүн, 17-июнда издөө иштери улантылууда.

Андан тышкары КР ӨКМ ушул убакка чейин Суусамыр суусуна түшүп кеткен Биринчи май айылындагы 3 жашар баланын К.Т. денеси табылбай жаткандыгын эске салат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД