
Бүгүн Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жаңы, сапаттуу баскычына кадам таштоонун алдында турат. Бул процессте Перс булуңундагы өлкөлөр менен кызматташуунун чыңдалышы өзгөчө мааниге ээ. Эки тараптын лидерлеринин саясий эрки жана өз ара прагматикалык кызыкчылыгы жакынкы жылдарга чейин мүмкүн эмес көрүнгөн деңгээлдеги өнөктөштүккө жол ачууда. Ири каржылык ресурстарга жана активдерин диверсификациялоого умтулган араб дүйнөсү Борбор Азияны инвестиция үчүн келечектүү аймак катары карап, Кыргызстанды табигый жана адамдык потенциалы жогору стратегиялык өнөктөш деп баалоодо.
Эң келечектүү багыттардын бири – энергетика тармагы. Кыргызстан пайдаланылбай жаткан ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, Камбар-Ата ГЭС-1 сыяктуу ири объекттерди куруу үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрдү тартууга кызыкдар. Ал эми Перс булуңундагы мамлекеттер "жашыл" күн тартибине ылайык, кайра жаралуучу энергия булактарына инвестиция салуу үчүн Борбор Азияны келечектүү регион катары карап жатышат. БАЭнин энергетика министринин мындай долбоорлорго кызыгуусун билдириши кызматташуунун жалпы декларациялардан конкреттүү сүйлөшүүлөргө өтүп жатканын көрсөтөт.
Араб өлкөлөрү Кыргызстанды инвестиция салуучу объект катары гана эмес, соода-экономикалык жактан да келечектүү өнөктөш катары көрүшөт, айрыкча агроөнөр жай тармагында. Кувейтке экспорттун көлөмү өсүүдө: 2024-жылы ал 4,2 млн АКШ долларын түзүп, анын негизги бөлүгүн минералдык күйүүчү майлар, майлар жана сүт продукциясы түздү. Бул экологиялык таза азык-түлүккө болгон суроо-талаптын бар экенин тастыктайт. Ал эми БАЭ 2024-жылдагы маалыматтар боюнча 155 млн долларлык соода жүгүртүү менен Кыргызстан үчүн эң ири соода өнөктөш болуп саналат.
Араб өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген туристтердин агымы да тездик менен өсүүдө. БАЭ, Катар, Кувейт жана Оман өлкөлөрүнөн келген коноктор жаратылыш кооздугуна гана эмес, тарыхый мураска да кызыгышат. Бул туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнү талап кылат. Туризм биринчи кезекте жеткиликтүү логистикага көз каранды болгондуктан, Кыргызстан Араб жарым аралынын мамлекеттери менен түз аба каттамдарын ачуу аркылуу маанилүү кадамдарды жасап жатат.
Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен өнөктөштүк Кыргызстан үчүн технологиялык жана инфраструктуралык секирик жасоого тарыхый мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул багыттагы ийгилик конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ачык, түшүнүктүү жана жагымдуу шарттарды түзүүгө түздөн-түз байланыштуу. Эгер бул мүмкүнчүлүк туура пайдаланылса, өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүштүн жаңы булактарына ээ болот.