"Акыйкатка жетпей келебиз". Алданган үлүшчүлөр президентке кайрылды

Редакциябызга бир нече адам кайрылып, курулуш компаниясына алданып, үйсүз калуу коркунучунда турушкандыгын айтып беришти.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, биз үлүшчүлөр курулуш компаниясына алданып, үйсүз калуу коркунучунда турабыз. Биз, жалпысы жыйырмадай адам 2015-2016-жылдары "Иска Строй" курулуш компаниясы менен келишим түзүп, Бишкек шаары, Абай көчөсү, 117а дарегинде жайгашкан жер тилкесинде курула турган көп кабаттуу үйгө үлүшчү болгонбуз. Жалпысы 20дай үлүшчү "Иска Строй" курулуш компаниясына ар кандай суммада акча төккөнбүз. Тилекке каршы, "Иска Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Нарынбек Сариев үйдү жана андан башка да объекттерин куруп бүтүрбөй коюп, 2019-жылы соттолуп 7 жылга эркинен ажыратылган болчу. Бирок, тез эле абактан чыгып кеткен.

Биз, Абай көчөсү, 117а дарегинде жайгашкан жерде курула турган көп кабаттуу үйдүн үлүшчүлөрү ошол убакта ал жер тилкесин Нарынбек Сариевден өткөрүп алып, башка курулуш компаниясын таап, үйдүн курулушун бүтүрмөкчү болгонбуз. Жыйынтыгында, Сариев жер тилкесин үлүшчүлөрдүн бири Мурат Мурзаевге өткөрүп берген. Себеби, Мурат Мурзаев көбүрөөк чуркап жүргөн, анткени ал башка үлүшчүлөргө караганда көбүрөөк акча төлөгөн экен. Жер тилкесинин документтери Мурат Мурзаевдин атына өткөндө, ал жерде башка үлүшчүлөр менен кошо өтмөк жана ал үйдү куруп бүтүрмөк.

Мурат Мурзаев көпчүлүк үлүшчүлөрдөн документ жасатканга деп 40 миң сомдон акча да алган. Андан кийин Мурат Мурзаевдин Бишкек шаарынын Коёнкөзов көчөсүндө жайгашкан офисинде да бир нече ирет чогулуш кылганбыз. Жыйынтыгында, ал жер тилкесине "Глобус Строй" курулуш компаниясы үйдү куруп бүтүрүп бермек болгон. Үлүшчүлөрдүн "Иска Стройго" төлөгөн акчасы төлөндү болуп эсептелмек.

Андан кийин "Глобус Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Амандык Жапаров менен да көп жолу чогулуш өткөрдүк. Амандык Жапаров калган үлүшчүлөр менен алгач жер тилкесине курула турган үйдүн курулушуна керектүү документтер толук бүтсүн, анан Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу ортодо келишим түзөбүз деп айтып келген. Кийин болсо 3-кабатка жеткенде, анан 5-кабатка жеткенде келишим түзөбүз деп жүрдү. Аягында Амандык Жапаров ар кайсы шылтоолорду айтып, биз менен келишим түзүүдөн качып калды. Ал эми Мурат Мурзаев болсо таптакыр эле дайынсыз болуп кетти.

2023-жылдын май айында болгон чогулушта Амандык Жапаров июнь айында чогулуш кылалы, ошондо Мурат Мурзаевди да чакырам деген. Июнь айында болгон чогулушта да Мурат келген жок. Ошондо биз келишимди көрсөт деп талап кылганда гана Амандык келишимдин көчүрмөсүн көрсөттү. Келишимде Мурат Мурзаевге гана 1400 чарчы метр аянт берилет деген жери бар, калгандарыбыз жок экенбиз. Анда эмне үчүн буга чейин Амандык Жапаров "силерди тааныбайм, эмнеге келип жүрөсүңөр" деп айтып койбой, убакыт созуп алдап келген?..

Ошондо гана биз Амандык Жапаров менен Мурат Мурзаев башынан эле бизди алдап жүрүшкөнүн билдик.

Анан биз 2023-жылдын июнь айында Башкы прокуратурага арыз жаздык. Милиция тарабынан "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, бирок, жыйынтыгында, кылмыш иши экиге бөлүнүп, Нарынбек Сариев боюнча кылмыш иш сотко өткөн. Ал эми Мурат Мурзаев жана Амандык Жапаров боюнча кылмыш иши кыскарып кеткен.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай, жыйырмадай үлүшчүдөн 8ибиз эле калыппыз. Башкаларынын айрымдары ошол эле үйдө үлүшчү экен, алар "Глобус Строй" курулуш компаниясы менен келишим түзүп алышыптыр, айрымдары акчаларын кайтарып алышыптыр да, 8 эле үлүшчү калыптырбыз.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Сизден бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду өтүнөбүз. Эгерде чыныгы адилеттик бар болгон болсо, Мурат Мурзаев менен Амандык Жапаров да кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алышыңызды суранабыз.

"Иска Строй" курулуш компаниясынын үлүшчүлөрү


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД