Профиль пользователя MK Y aiba
Количество сообщений: 1
Карма: 0
Плюсов: 0
Минусов: 0
Последние сообщения

Ырсалиев Мукаш Кубанычбекович 1970-жылы 1-февральда Ысык-Кол районунун Тамчы айылында торолгон. 1977-жылдан 1983-жылга чейин Чырпыкты айылдык орто мектебинде 6-класска чейин билим алган.1983-жылдан 1987-жылдары Фрунзе шаарындагы Н.К.Крупская атындагы спорт-интернатында бокс менен машыккан.Кыргыз Республикасынын оспурумдор арасындагы 1984,1985-жылкы чемпиону,1986-жылы жаштар арасындагы чемпиону,1987-жылы Кыргыз Республикасынын чондор арасындагы чемпиону.Алма-Ата,Усть-Каменогорск,Актюбинск,Челябинск,Омск,Москва шаарларында откон Буткул Союздук мелдештердин женуучусу. 1988-1990- жылдары Советтик Армиянын катарында отоп журуп Казахстанда жайгашкан аскердик Приозёрск деген шаарда 1990-жылы Орто Азия жана Казахстандын ачык Кубогун СССРдин куралдуу кучтор арасында откон мелдешти женип алган,бокс боюнча СССР спортунун чебери. Советтик Армиянын катарынан эки жылдык кызматын отоп келгенден кийин спортту себепсиз эле таштап салган.18-жыл аралыктан кийин 2008-жылы спорт чойросуно судья катары кайтып келген.2009-жылы Улуттук даражадагы калыс,2010-жылы АИБА нын Астанада откозгон семинарына катышып,экзаменди ийгиликтуу тапшырып АИБАнын 1-жылдыздуу Эл-аралык Даражадагы рефери-калысы деген наам ыйгарылган.Июль 2011-жылы оспурумдор арасындагы бокс боюнча Астана шаарында отуучу Дуйнолук Чемпионатка Швейцариянын Лозанна шаарында жайгашкан АИБАНын штаб-квартирасынан Мукаш Ырсалиевке чакыруу кагазы келип ал Чемпионатты ийгиликтуу калыстык кылып,АИБАнын Президенти Чинг Куо ВУ нун колунан АИВАнын алтын медалын,сертификатын алган.( 27мамлекеттен келген калыстардын ичинен беш калыска гана ыйгарылган) ошол эле жылы август айында Туштук Кореядагы Инчон шаарында бокс боюнча чондор арасында отуучу Чемпионат Азияга чакыруу келип,ал чемпионатты ийгиликтуу отуп,Лозаннадан 2011-жылы 11-декбрда АИБАнын эл-аралык даражадагы 3-жылдыздуу рефери-судьясы деген наам ыйгарылган. 2012-жылы март айында Турцияда Трабзон шаарында,Европанын Олимпийский отборочный квалификационный турнирин,апрель айында Астана шаарындагы Азиянын Олимпийский отборочный турнирлеринде ийгиликтуу калыстык кылган. 2012-жылы 25-ноябрдан 8-декабрга чейин Армениянын Ереван шаарында бокс боюнча жаштар арасында откон Дуйнолук Чемпионатка толук кандуу катышып келди. 2013-жылы июль айында,Туркиянын Мерсин шаарында откон XVII Жер Ортолук Дениз Оюндарына нейтралдык калыс катары барып озунун вазыйпасын аткарып келген.Алматы шаарында 2013-жылдын 11-октябрынан 28-октябрга чейин 112 мамлекет катышкан чондор арасындгы откон Дуйнолук Чемпионатка катышып ,бокс боюнча эн мыкты деген дуйнолук калыстардын элитасынын катарына кошулган.

06.08.2014, 12:43
0
НАВЕРХ  
НАЗАД