Медведев Бишкекке ӨКМ жана Бажы кызматынын башчылары менен учуп келет

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевди Бишкекте өтчү ШКУ өкмөттөрүнүн жыйыны учурунда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Пучков жана Федералдык Бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов коштоп жүрөт. Бул тууралуу бүгүн КР өкмөт аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Муралиев “ВБ”га билдирди.

Ошондой эле Медведевди Орусия өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Приходько коштоп жүрмөкчү.

Делегациянын курамында башка жогорку даражадагы атка минерлер жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД