
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияга 1:2 эсебинде утулуп калды.
Жолдоштук беттеш бүгүн, 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Голдорду Кыргызстандын курамасынын оюнчусу А.Шүкүров, Россиянын командасынан А.Соболев жана Д.Уткин киргизди.
Оюндун 24-мүнөтүндө Кыргызстандын командасы Шүкүровдун соккусунан кийин эсепти ачып, орусиялыктар пенальтиден гол киргизишти. 88-мүнөттө Уткин гол киргизип, орусиялыктарга жеңиш алып келди.