COVID-19: Жалал-Абадда облустук ооруканада орун калбай калды

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү 65 керебеттин баары толуп калгандыктан, кошумча стационар ачуу зарылчылыгы жаралды.

Бул тууралуу 14-июнда облустук штабдын жыйынында өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

"Жалал-Абад облустук ооруканасындагы керебеттер толуп калгандыктан, Аксы жана Ноокен райондук ооруканалары коронавируска чалдыккандарды кабыл ала баштады. Акыркы учурда эң көп коронавирус менен кайрылгандар Ноокен районунун тургундары болууда. Ошондуктан облустагы кырдаалды эске алып, аймактардагы тийиштүү адистерден 1-июлга чейин ооруну алдын алуу үчүн сунуштарды карап чыгабыз. Бул үчүн чектөөлөр каралат. Алар коомдук жайлар, каттамдар, той-аштарды кыскартуу".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД