Бишкек-Ош жолунда бензовоз ала салып кетти

Бишкек-Ош жолунда бензовоз ала салып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 497-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылында болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаа ала салып кеткен. Жол кырсыгынан жаракат алгандар жок.

Учурда ӨКМнын кызматкерлери окуя болгон жерге тартылып, тийешелүү иштерди алып барышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД