Баткенде чек арадан мыйзамсыз кирген АКШ жана Япония жарандары кармалды

Баткенде чек арадан мыйзамсыз кирген АКШ жана Япония жарандары кармалды. Бул тууралуу Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Нургазык аймагында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн 23 жаштагы Америка кошмо штаттарынын жараны жана 32 жаштагы япониялык аял кармалган.

Учурда алар менен тийиштүү түзүмдөрдүн кызматкерлери иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө 192 жаран мыйзам бузган, 709 киши туура эмес документти пайдаланып Кыргызстанга кирүүгө аракет кылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД