Футбол: Кыргызстан менен Россиянын курамасы кайрадан беттеш өткөрөт

2023-жылы Москвада Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков билдирди.

Сыдыков эки кураманын жооптук беттешин өткөрүү боюнча оозеки макулдашуу бар экендигин айтты.

Эскерте кетсек, 24-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футболчулары Россиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, "Ак шумкарлар" 1:2 эсебинде утулуп калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД