Эгемендиктин 30 жылдыгына оркестр коллективдери арасында сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эгемендиктин 30 жылдыгынын карата "Оркестр" (эл аспаптар) коллективдери арасында республикалык кароо-сынак жарыяланганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, сынак Кыргызстандын жерин, элин даңазалаган патриоттук жаңы эл аспаптар оркестрлеринин чыгармаларын жаратып, аларды кеңири жайылтуу жана жалпы элдин энчисине айландыруу менен материалдарды репертуарларды байытуу, чыгармачылыкта улуттук оригиналдуулукту сактоо менен жаңы чыгармаларды жогорку көркөмдүктө элге жеткирүү жана урпактарга мурас калтыруу максатын көздөйт.

Кыргызстан элинин салттарын сактоо менен бирге өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдү маданиятка жана патриоттук багытта тарбиялоо максатында заманбап эл аспаптар оркестрлеринин жана аспапчылык багыттагы атуулдук чыгармаларды жаратууну багытталып, оркестр коллективдеринин ишин жандандыруу жана жаңы таланттарды табууга багыт алат.

Кароо-сынак эки номинация боюнча өткөрүлөт:

1. Эл аспаптар оркестрлери (атуулдук чыгармалар);

2. Аспапчылык багытта (атуулдук чыгармалар).

Чыгармаларды баалоонун критерийлери:

- Музыканын дал келиши;

- Музыкалык тилдеги оригиналдуулук.

- Музыкалык формалардын даана жана так сакталышы;

- Оркестрде иштеп чыгуу.

Шарттары:

Сынакка катышуучулардын жашы, улуту жана сунуштала турган музыкалык чыгармалардын жанрларына чек коюлбайт;

Сынакка катышуучу авторлор чыгармаларынын партитурасын же клавирин 2 нускада, CD дискке жазылган фонограммасын уюштуруу комитетке 2021-жылдын 15-июлга чейин тапшыруусу керек.

Сынакка сунушталган эмгектердин ноталарына жана CD дискинде авторлордун аты аталбай девиз же шифр коюлат жана чапталган белек конверттин ичинде авторлордун аты-жөнү, дареги, байланыш телефондору маалымданат.

Тандоо 2021-жылдын 15-августуна чейин өткөрүлөт.

Эскертүү!

Партитура, клавир же CD диски толук болбогон документтер калыстар тобу тарабынан каралбайт.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи Лауреаттардын Гала-концерти менен коштолуп, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынында өтөт.

Катышуучулар чыгармаларын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборго (Бишкек ш. Пушкие к. 78 дарегине) "Эгемендүүлүккө 30 жыл" сынагына деп белгилеп жөнөтүүсү керек.

Байгелер:

- I орун - (2 орун) диплом, 50 000 сом ар бирине;

- II орун- (2 орун) диплом, 40 000 сом ар бирине;

- III орун- (3 орун) диплом, 30 000 сом ар бирине;

- Кызыктыруучу сыйлык- (7 аткаруучу) диплом, 15 000 сом ар бирине;

Байланыш:

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук маданий борбор: (0312) 66-24-04, 0774 36 95 10.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД