
Эгемендиктин 30 жылдыгына карата атуулдук жаңы чыгармалар үчүн композиторлор арасында республикалык кароо-сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Композиторлор союзу жана Музыка ишмерлер союзу менен биргеликте эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата атуулдук жаңы чыгармалар жана хор чыгармаларынын республикалык кароо-сынагын жарыялайт.
Сынактын максаты кыргыз музыкалык маданиятынын алтын төрүнөн орун тапкан Кыргызстандын жерин, элин даңазалаган атуулдук жаңы ырларды жаратып, аларды кеңири жайылтуу жана жалпы элдин энчисине айландыруу менен материалдарды жана репертуарларды байытуу болуп саналат. Ошондой эле, сынак чыгармачылыкта улуттук оригиналдуулукту сактоо менен жаңы атуулдук чыгармаларды жогорку көркөмдүктө элге жеткирүү жана урпактарга мурас калтыруу багытталып, Кыргызстан элинин салттарын сактоо, өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдү патриоттуулукка тарбиялоо максатында заманбап жаңы ырларды жана хор чыгармаларын жаратууну көздөйт.
Кароо-сынак эки номинация боюнча өткөрүлөт:
1. Атуулдук ырлар.
2. Хор чыгармалары.
Чыгармаларды баалоонун критерийлери:
1. Текст менен музыканын дал келиши;
2. Музыкалык тилдеги оригиналдуулук;
3. Музыкалык формалардын даана жана так сакталышы.
Шарттары:
Сынакка катышуучулардын жашы, улуту жана сунуштала турган музыкалык чыгармалардын жанрларына чек коюлбайт;
Катышуучу авторлор чыгармаларынын партитурасын же клавирин 2 нускада, CD дискке жазылган фонограммасын уюштуруу комитетке 2021-жылдын 15-июлга чейин тапшыруусу керек.
Сунушталган ырлардын ноталарына жана CD дискинде авторлордун аты аталбай девиз же шифр коюлат жана чапталган белек конверттин ичинде авторлордун аты-жөнү, дареги, байланыш телефондору менен берилет.
Жаңы ырларды тандоо сынагы 2021-жылдын 15-августуна чейин өткөрүлөт.
Эскертүү!
Партитура, клавир же CD диски толук болбогон документтер калыстар тобу тарабынан каралбайт.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи, Лауреаттардын Гала-концерти менен коштолуп Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлөт.
Эмгектер Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунда (Бишкек ш. Раззаков к. 50 дарегине) "Эгемендүүлүккө 30 жыл" сынагына деп белгиленип жиберилиши керек.
Байгелер:
- I орун - (2 орун) диплом, 50 000 сом ар бирине;
- II орун- (2 орун) диплом, 40 000 сом ар бирине;
- III орун- (2 орун) диплом, 30 000 сом ар бирине
- Кызыктыруучу сыйлык- (7 аткаруучу) диплом, 15 000 сом ар бирине ыйгарылат.
Байланыш: 0773 71 23 15.