
Бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Японияга каршы беттеш өткөрөт.
Оюн Япониянын Суйта шаарында өтөт, Бишкек убактысы менен 16:25те башталат.
Беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өтүп жатат.
Кыргызстан жайгашкан F тайпасында учурда абал төмөндөгүдөй:
Жети оюндан кийин 21 упай топтогон Япония сап башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарда. Үчүнчүдө жети оюнда 10 упай топтогон Тажикстан. Төртүнчүдө сегиз оюнда алты упай жыйнаган Монголия. Бешинчи катарда болсо жети оюнда 6 упайга ээ болгон Мьянма жайгашкан.