Баткенде милиция 4,5 тонна кара куурайды жок кылды

Баткенде милиция 4,5 тонна кара куурайды жок кылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактарындагы айылдарды кыдырып жапайы өскөн кара куурайларды өрттөшүп жок кылууда.

Анын алкагында жергиликтүү айыл аймактардагы өкүлдөр менен иштөө тобу түзүлүп, ар бир аймактар кылдат текшерилип жатат.

Жалпысынан аталган аймактан болжол менен 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД