Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Бегимай Кенжебаева табылды

Дайынсыз болуп жаткан Бегимай Кенжебаева табылды. Бул тууралуун Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылынын 16 жаштагы тургуну Кенжебаева Бегимай Курсановна 11-июнь күнү 06:30да чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Аны издөө иштеринин жүрүшүндө ал кечээ, 14-июнда Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы базардан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Учурда анын жоголуусу боюнча милиция иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД