Кыргызстанда "Кыргыз жараны" концепциясы ишке ашырылууда

Кыргызстандыктардын жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу максатында "Кыргыз жараны" концепциясы жүзөгө ашырылууда. Бул тууралуу КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Нидерландынын Гаага шаарында өткөн "ЕККУ аймагында интеграцияны жана ар түрдүүлүктү башкаруу багытында тажрыйба алмашуу" аттуу тегерек столдо билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, тегерек столдун жүрүшүндө министрдин орун басары көп түрдүүлүктү – иденттүүлүктү, өлкөдөгү этностордун тилин жана маданиятын сактоо, өнүктүрүү аталган документтин өзөгүн түзөрүн белгиледи.

"Көп улуттуу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында мамлекеттик этностук саясат өнүгүүнүн татаал этаптарынан өткөнүн белгилеп, 2010-жылдагы этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү кризистен кийин мамлекетибиз өлкөдөгү этностор аралык процесстерди башкаруу боюнча бир топ иштерди аткарды.

Кыргызстандын элинин биримдигин жана этностор ортосундагы мамилелерди чыңдоо боюнча концепция ишке ашырылды. Бул Концепция мамлекеттин этникалык саясатынын биринчи стратегиялык документи болуп калды, ал анын негизги багытын – Кыргызстанда элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоону аныктады. 2020-жылдын 13-ноябрында КР президентинин жарлыгы менен 2021-2026-жылдарга Кыргызстанда "Кыргыз жараны" деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилген. Бул концепция 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат жана улуттук, көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен иштелип чыкты. Ал азыр жүзөгө ашырылууда", - деген ал.

Эсенгул уулунун айтымында, концепциянын негизги максаты – КРнын бардык этностук жамааттарынын этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен бириктирүүчү жалпы жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн жагымдуу чөйрөнү өнүктүрүү болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД