Темирлан Козубаев Орусиянын "Шинник" футбол клубунан кетти

Кыргызстандык футболчу Темирлан Козубаев Орусиянын үчүнчү дивизионундагы "Шинник" (Ярославль) клубунан кетти. Бул тууралуу аталган футбол клубунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Ага ылайык, Темирлан Козубаев менен келишимди узартышкан эмес. Кыргызстандык футболчу менен бирге дагы 11 оюнчу менен келишим узартылган эмес.

""Шинник" клубу оюнчуларга кызматташуусу үчүн ыраазычылыгын билдирет жана мындан наркы футболдук карьераларына ийгилик каалайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, "Шинник" жыйынтыкталган футбол сезонунда орусиянын экинчи дивизионунда акыркы орунду ээлеп, кийинки сезондо үчүнчү дивизиондо ойнойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД