Ленин районунун акими көчө кыдырып арыктардын абалы менен таанышты

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Мелис Өскөмбаев жөө кыдырып район аймагынын ал абалы менен таанышты. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мелис Өскөмбаев райондун Чайковский жана Лущихин көчөлөрүн кыдырып, андагы санитардык кырдаал жана арыктардын ал абалы менен таанышкан.

Анын жыйынтыгы менен район жетекчиси "Бишкекасфальтсервис" ишканасына жаан-чачын жана сел болгондо суу ага турган бетон арыктарды даярдоо тапшырмасын берди. Ошондой эле тургундарга таштандыларды таштабоо, санитардык абалды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү талабын койду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД