Кыргыз спортчулары пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык

Пара жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов жана Адилет Камчыбеков Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн пара жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк Гран-при лицензиялык мелдешинде 2 алтын, 1 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Адилет Камчыбеков ядрону түртүү боюнча жеңүүчү аталды (жыйынтык – 10,27 метр, 389 упай).

Арстанбек Базаркулов найзаны ыргытуу боюнча алтын медаль тагынып (15,96 метр, 166 упай), ядрону түртүү боюнча коло байгенин ээси болду (7,98 метр, 431 упай).

Белгилей кетсек, параспортчулар жана башкы машыктыруучу Алмазбек Абиров Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Ноттвилге жөнөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД