Айзаданын өлүмү боюнча сот 1-июлга жылдырылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу 15-июнга белгиленген отурум болбой калды. Буга айыпталуучулардын бири Сыймык Молдосариевдин адвокаты сотко келбегени негиз болду. Кийинки отурум 1-июлга дайындалды.

Айзаданын жакындарынын жактоочусу Нурбек Токтакунов шектүү Молдосариевдин адвокаты буга чейин да сотко келбей койгонун айтып, ага чара көрүү керектигин билдирди.

"Адвокат бүгүнкү процесс такталып жатканда эле башка да отурумдары бар экенин айтышы керек болчу. Ал болсо сотко бүгүн эле кат жибериптир. Бул судьяны, башка адвокаттарды сыйлабастык. Бул боюнча мен Кыргызстандын адвокатурасына кайрылам".

Жазык кодексинин "Адам уурдоо", "Никеге туруу максатында ала качуу" беренеси менен беш адам - Орзубек Нурумбетов, Замирбек Раманкулов, Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу жана Ажыкабыл Рысбай уулу шектелип жатат. Төртөө Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар, бирөө аларды ташыган таксинин айдоочусу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД