Экспорттолгон алтындын көлөмү 3 тоннага азайды

Алтындын экспорту көлөмү жагынан да, акчалай да кыскарды. Кымбат баалуу металлды казуунун азайышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен.

Акыркы төрт айдын жыйынтыгын алып караганда Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3 тонна 77,7 килограммга аз болду. Мындай көрүнүш биринчи ирет байкалып жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика боюнча комитеттин маалыматында айтылат.

Сунушту карап жатабыз. Улуттук банк Кумтөрдөн алтын сатып ала электигин билдирди

2021-жылдын январынан апрель айына чейин 3 тонна 560,1 килограмм (202 миллион доллар) алтын чыккан, ал эми бир жыл мурдагы көлөм 6 тонна 637,8 килограмм (340,1 миллион доллар) эле.

Эске салсак, бул кымбат баалуу металлды казуунун кыскарышы боюнча алдын ала божомолду мамлекеттик органдар былтыр эле беришкен. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кумтөр алтын кенинен аталган продукцияны алуу 4,3 пайызга кыскарышы мүмкүн экендиги айтылган. Буга тоо тектин курамында алтын аз болгон жерде казылып жатканы себеп дешкен.

Министрлик өлкөдөгү эң ири делген алтын кенинде 16 тоннадан ашык алтын казыларын божомолдогон (былтыркы көлөм 17,7 тонна). Ал эми "Кумтөр голд компани" өзүнүн божомолунда 14,62-15,86 тонна болушу мүмкүн деген убадасын берген.

Баалуу металлдын көлөмүнүн кыскарып же көбөйүп кетиши боюнча башка факторлор да бар. Эске салсак, "Кумтөргө" инвесторлордон тышкаркы башкаруу киргизилген. Бул окуя май айында болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД