11-класстар үчүн гана. Бишкек мектептеринде Акыркы коңгуроо кандай өтөт?

Бишкектин мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанаты 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн гана өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын Билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин вице-мэр Виктория Мозгачева Бишкек мэриясы аземди кадимки форматта өткөрүүнү пландап жатканын айткан.

"Акыркы коңгуроону кадимки форматта бардык санитардык эрежелерди сактоо менен 11-класстар арасында гана өткөрүү чечими кабыл алынды. Ар бир мектепте график түзүлүп, бүтүрүүчүлөр мектепке өздөрүнүн гана классы менен келип кетишет. Мектеп менен коштошуу салтанатына ал класска сабак берген мугалимдер катышат. 1-класстын окуучулары Акыркы коңгуроого катышпайт", - дешти маалымат кызматтан.

Башкармалыктан кошумчалашкандай, Акыркы коңгуроого 9-класстын бүтүрүүчүлөрүн катыштыруу же катыштырбоо чечимин ар бир мектептин жетекчилиги кабыл алат.

"Негизинен 9-класстын бүтүрүүчүлөрү колуна аттестат алып, бирок мектепте эле андан ары окуй беришет. Эгер ата-энелер балдары кесиптик окуу жайга тапшырып, мектептен кетет деп чечсе, мектеп администрациясы менен сүйлөшүп туруп чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Башкармалыктан кошумчалашкандай, иш-чаранын сценарийи боюнча Акыркы коңгуроо салтанатына 1-класстын балдары тартылбайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД