Министрлик: Коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифингде коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын билдирди.

"Республикабызда коронавирустун алгачкы учуру 2020-жылдын 18-мартында катталган. Жыл ичинде илдеттин эки толкуну, июль жана ноябрь айында болгон. Июль айында илдет күчөгөндө 1600 учур катталган. Экинчи толкун күчөгөн учурда бир күндө 600 адам илдет жуктурган учур болгон.

Эпидемиологиялык кырдаалга жүргүзүлгөн көзөмөл апрель айынан бери оорунун күчөгөнүн көрсөттү. Эң жогорку көрсөткүч акыркы 7 күндө болуп, тилекке каршы учурда үчүнчү толкун байкалууда", - деди министрдин орун басары.

Бүгүн, 15-июнда коронавирустан 6 адам көз жумуп, 514 кишиден илдет табылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД