Бириккен Демократиялык Кыймыл Кемпир-Абад боюнча билдирүү таратты

Кечээ, 11-октябрда, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Бириккен Демократиялык Кыймыл (БДК) билдирүү таратты.

Блидирүүдө Жогорку Кеңештин эл аралык, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 10 - октябрда, манипуляция жана кысым аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара боюнча келишимдин долбоорун жактырганы белгиленди.

-Бийлик бул маселени талкуулоодо Конституциябызды, Жогорку Кеңештин регламентин одоно бузду. А дегенде парламенттик угуу деп баштап, андан кийин коомдук талкуу деп, аягында комитеттин жыйыны болуп чечим кабыл алынды. Массалык маалымат каражаттарына, блогерлерге, коомдук активисттерге жана парламенттин депутаттарына болуп көрбөгөндөй кысым жасалды. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча материалдар жашыруун сыр деген шылтоо менен жабык өткөрдү.

Жыйынтыгында, бийлик көз каранды депутаттары аркылуу, улуттук кызыкчылыкка туура келбеген,

талашсыз Кемпирабад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү чечимин жактырды.

Тилекке каршы, бул жыйынга катышкан ЖКнын экс-спикерлери, генералдар "арзыматтык" позицияны карманып, колдоо көрсөткөндүгүн терең өкүнүч менен билдиребиз.

Кемпир-Абад суу сактагычы жана ал жерден өткөн Кыргыз Республикасынын чек арасы буга чейин эч качан талаш-тартыш болгон эмес. Ал эми 19,5 гектардын ичиндеги дамбанын жарымы, 2 ГЭС Өзбекстан тарабынан мурда өзүм билемдик менен басып алынган.

Бийлик Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү чечими менен Кыргызстан мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүшүнүн, Фергана өрөөнүнүн экономикалык гүлдөшүн камсыз кылуунун олуттуу механизми (ачкычы) болуп саналган өзгөчө мамлекеттик маанидеги стратегиялык объектиден ажырайт, -деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле азыркы бийлик улуттук кызыкчылыктарды, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү коргоодо өзүнүн алсыздыгын, сабатсыздыгын дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.

БУУнун жана көптөгөн дүйнөлүк кадыр барктуу илимий уюмдардын изилдөөсүнө ылайык, жыйырма биринчи кылымда, суу планетадагы эң маанилүү жана кымбат ресурс болот.

Ушуга байланыштуу Бириккен Демократиялык Кыймыл бийликтен буларды талап кылды:

1. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүнү токтотууну;

2. Кемпир-Абад суу сактагычы, Кыргызстандын менчиги катары эч качан талаштуу болбогондуктан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жокко чыгарууну;

3. Бийлик эгер Кемпир- Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүү өтө маанилүү жана пайдалуу деп эсептесе, Кемпир-Абаддын өлкөбүздүн жана элибиздин келечеги үчүн өтө баалуулугун жана маанилүүлүгүн эске алуу менен бул маселени жалпы элдик референдумга алып чыгуусун талап кылабыз, -деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД