Ысык-Көлдө эки адам "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынан чыгышты

Ысык-Көл облусунда эки адам "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик агымынын катарынан чыкты.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын жана казыяттын өкүлдөрү менен биргелешкен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында, 49 жана 46 жаштагы Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургундары Б.Т. менен М.С., диний-экстремисттик агымынын катарынан чыккандыктарын жарыялашты.

Алардын айтымында, 2013-жылы агымдын ишмердүүлүгү жана максаты жөнүндө түшүнүктөрү болбогондуктан, алардын катарына киришкен. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн улам, аталган диний-экстремисттик агымдын идеологиясы салттуу исламга туура келбестигин түшүнүшкөн. Алар "Йакын-Инкар" диний экстремисттик агымынан башка жактоочуларын туура тандоого чакырып кетти.

Эске салсак, 2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Кыргызстандагы "Йакын-Инкар" диний агымынын ишмердүүлүгү экстремисттик деп табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД