Валерий Кичин жана дагы 4 оюнчу Японияга каршы оюнга катышпайт

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын 5 оюнчусу Японияга каршы оюнга катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.

"Коргоочу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар - Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев Япония менен болгон беттеште талаага чыгышпайт. Анткени аталган оюнчулар коронавирус жугузду деген күмөндүүлөрдүн "сары тизмесине" кирип калган. Бирок ушул убакытка чейин бир нече жолу белгиленгендей, оюнчулардын тесттери бир дагы жолу оң жыйынтык көрсөткөн эмес. Бул чектөөлөр Япония өкмөтүнүн коронавируска каршы чаралары алкагында оюндарды кабыл алган уюм тарабынан көрүлүп жатат", - деп билдиришти Кыргыз футбол союзунан.

Японияга каршы ойной турган "Ак шумкарлардын" негизги курамы оюнга бир саат калганда жарыяланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД