
Баткенде ички иштер органдарынын кызматкери болгусу келгендерге сынак жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга конкурс жарыялады.
Ага ылайык, сынакка "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамында белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп бергендер катыша алат. Талаптар төмөндөгүдөй: талапкердин жаш курагы 19 жаштан 30 жашка чейин болуусу керек. Ошондой эле мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 см. кем эмес кыргыз жарандары катыша алат.
Тиешелүү документтер 14-июндан 14-июлга чейин кабыл алынат. Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Баткен ОИИБинин кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.
Дарек: Баткен шаары, Разаков көчөсү 4. Байланыш үчүн номерлер: 03622 5-02-75, 0773-977-789