Эртең, 20-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +25…+30;
Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +24…+29;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градус болот.