Баткенде дарыгерлер COVID-19га каршы күрөшкө бөлүнгөн акчаны негизсиз сарптаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан COVID-19 илдетине каршы күрөшкө сарпталган каражаттардын негиздүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн.
Анын алкагында Баткен облустук биргелешкен оорукананын аппаратынын кызматкерлерине Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 10-июлундагы буйругунун талаптарын одоно түрдө бузуу менен 545 480 сом ашыкча компенсация төлөнүп берилгендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук акты келтирилип, аны кароонун негизинде 545 480 сом мамлекеттин эсебине кайтарылган.